Бүгүн, 19-январга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 95 миллион 530 миң 563 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 52 миллион 597 миң 341 бейтап айыгып чыкса, 2 миллион 99 миң 283 (+9345) адам илдеттен каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 24 миллион 73 миң 55 болду. 398 миң 977 адам каза болсо, 12 миллион 125 миң 806 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 10 миллион 571 миң 773 адамдан аныкталды. 152 миң 419 адам каза болсо, 10 миллион 211 миң 342 бейтап айыкты.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.