BRAVE CF: "Мага кур керек!". Кыргыз мушкери Кубаныч Абдисалам уулу уюмдун чемпионуна чакыруу таштады

Кыргыз мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу "BRAVE CF" уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук курунун ээси, франциялык мушкер Амин Аюбга чакыруу таштады. Чакырууну кыргыз мушкери социалдык тармактагы баракчасына жазган.

"Мен сени мушкер катары сыйлайм. Бирок мага кур керек. Кандай гана болбосун биз беттештен кийин дос болуп калабыз. Бирок, беттеште жеңишке жетүү үчүн мени болушунча ур-тепкиге алышың керек. Анткени, мен бардык жолду басып өтөм. Кел ушуну жасайбыз", - деп жазды ал.

Кыргыз мушкеринин бул чакыруусуна азырынча жооп боло элек.

Амин Аюб карьерасында жалпы 15 беттеш өткөрсө анын 11 инде жеңүүчү аталып, 4 ирет жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми, кыргыз мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу 16-январда Сочиде беттешип, карьерасындагы 16-жеңишине жетти. Анын карамагында 2 жеңилүү ызасы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2021-01-19 16:33:25
Куба азаматсың, Чемпиондукка татыктуусуң, эми Амин Аюбтун жообун чыдамсыздык менен күтөбүз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан