Балбак Түлөбаев: "Мени мэрдин кызматынан алуу тууралуу сунушка күлүп гана коюш керек"

Бишкек шаарынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев депутаттардын Бишкек шаарынын мэрин кызматтан алуу тууралуу сунушу боюнча комментарий берди.

"Мен бул кабарды окудум. Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары Момбеков жана Жумалиев, мыйзамды бир жолу ачып окуп коюңуздарчы. Мен эки мыйзамдын негизинде иштейм. Менин өзүмдүн парламентим бар. Килейген парламентке менин 3 орун басарымды чакырып жатат. Биздин ал жакка кандай тиешебиз бар? Ал жакка кичинекей мэриянын эмне кереги бар? Баарыбыз мыйзамдуу иштейли, мен суранып, өтүнүп кетейин. Мыйзамсыз иштердин негизинде элдик толкундоолор болду. Дагы бир жолу эл өкүлдөрү мыйзамды ачып окуп коюшсун. Ал комитетке өздөрүнүн өкүлдөрү бар, аларды чакыра берсин. Ал эми мени жумуштан алуу чечими мыйзамсыз, ага күлүп эле коюш керек", - деди Түлөбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bekalife
2021-01-19 18:30:01
Балбак Тулобаев алга. Депутаттар шаардын тынчын бузбай мыйзам менен иш алып барышсын. Момбеков жумалиев элдин кыжырын келтиришпесин.
+3
algakaray
2021-01-19 23:22:07
Айабай уверенно айтыптыр го
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан