"Мекенимде пара берип иш бүтүргөн күндөрүмдү өзгөчө сагындым". Канаданын Эдмонтон шаарында жашаган мекендешибиз менен маек

Учурда чет өлкөлөрдө жашап, иштеп, окуп жаткан мекендештер аз эмес. Алардын чет өлкөдөгү жашоосу, иш-аракеттери, максаттары окурмандар үчүн кызык болсо керек. Мындан улам азыркы тапта Канадада жашап иштеп жаткан Субхи Супиев аттуу мекендешибизден маек алдык. Ал SUPER.KG порталына чет жактагы жашоосунун өйдө-төмөн жактары жөнүндө чакан маек куруп берди.

- Саламатсызбы, Субхи? Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз? Канадага кандайча барып калдыңыз?

- Саламатсызбы?! Мен 2018-жылы үй-бүлөм менен алыскы Канадада жашаган туугандарыбыздын жардамы менен келип калдым. Атам буга чейин Канадада 5 жыл жашаган, кийин биз, агам, 2 иним бул жакка келдик. Азыркы учурда Канаданын Альберто провинциясына караштуу Эдмонтон шаарында турабыз. Алгач келгенде мен 12-класска (бул жакта ошондой) инилерим кийинки класстарда сертификат алуу үчүн окудук. Бул жактагы билим алуу системасы такыр башкача, келечекте кайсы билимге ээ болгуң келет ошого жараша предметтерди тандап окусаң болот. Мисалы, менин деңгээлим физика сабагы боюнча 9-класстын деңгээли болсо барып, 9-класс менен аралашып окуй берем, ал эми алгебрадан 11-класстын деңгээлинде болсом 11-класс менен окуйм, ошондо ар бир класстан классташтарың болот. Бул жакта окуу менин жашоомдогу чоң тажрыйба болду десем болот, анткени жаңы келгенде тил билчү эмесмин.

Албетте тил билбей абдан кыйналдык. Бирок бул жактагы мугалимдердин билими, деңгээли өтө бийик. Үйрөтүүдө мамиле кылууну, жеткире билүүнү эң жогорку деңгээлде алып барышат. Абдан жакшы мамиле кылышты. Тил үйрөнүүмдө мугалимдердин салымы чоң десем болот.

- Сиз ошондо келечекте ким болууну пландап, кайсы предметти тандадыңыз?

- Мен келечекте ERCP- өзгөчө кырдаалдар карьерасы ( полиция, тез жардам, өрт өчүрүү ). Полиция академиясына тапшырууну көздөп, даярданып жаткам, бирок ортодон коронавирус илдети чыгып, карантин жарыяланып, үйдө отуруп калдык.

- Пандемия учурунда силерде кырдаал кандай болду?

- Мен да бир аз оорудум. Анализ тапшырып, жыйынтыгы жакшы болду үйдөн дарыланып сакайдым. Карантин учурунда Канада өкмөтү жумушсуз калган жарандарына мурунку иштеп тапкан айлыгы 5000 доллардын тегереги болсо, жумушсуз калган учурда андай жарандар 2000 доллардан ай сайын пособие алууга укук алышты. Ар бир жумушсуз калган жараны үчүн мүмкүнчүлүк каралган экен. Канада мына ушундай өлкө.

- Азыркы учурда эмне иш кыласыз?

- Азыркы учурда пиццерияда курьер болуп иштейм. Ишим абдан жагат. Жумуш графигим өтө ыңгайлуу. Бишкекте жүргөндө да көп жумушта иштедим. Официант, чач-тарачта иштеген күндөрүм болду, бирок тапканым эчтекеге жетчү эмес.

-Бишкек менен сиз жашаган шаардын кандай өзгөчөлүктөрү бар?

-Мен, албетте, шаардын жетишкендиктери жөнүндө сөз кылбасам да белгилүү. Бул жактын эли башкача десем болот. Мисалы, жолдо өтүп баратып чоочун адамдар "сонун жарашыптыр", "күнүң көңүлдүү болсун" деп маанайыңды көтөрүп, тааныбаган адамга деле комплимент айтып турушат.

- Кыргыз өлкөсүнө кайтып келейин деген оюңуз барбы? Мекениңиздин эмнесин сагындыңыз?

- Мекенимдин бардык жерин сагынам, өзгөчө пара берип иш бүтүргөн учурларды (күлүп). Бул жакта андай түшүнүк жок. Пара берүү дегенди билишпейт. Анте турган болсоң түрмө күтүп турганы анык. Буюрса, мекениме барып бардык кооз жерлерин кыдырайын деген келечекте пландарым бар. Үйлөнөйүн деген да планым бар, үйлөнсөм сүйүктүүмдү мекенимден издейм, анткени биздин менталитет менен каада-салтка ылайык үйлөнгүм келет. Бирок бул жакка баары бир аялымды алып келем, анткени келечекти, балдарды бул жактан пландагым келет.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан