Бишкек шаарындагы айрым коомдук транспорттун айдоочулары жол кире акысын көтөрүүнү талап кылып иш таштаганы маалымдалган. Бул маселе боюнча Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жол кире акысын май айында 2-3 сомго, анан акырындап жылдын аягына чейин 15 сом кылып берели деген пикирин билдирген.
SUPER.KG порталы шаардыктардан сурамжылоо жүргүздү. Алар жол киренин кымбатташына каршы экенин билдиришти.