Бүгүн, 20-январда салттуу музыканын алып жүрүүчүсү, дастанчы, комузчу Гүлнур Асанова 33 жашка толду. Кичинекей кезинен бери эл көзүндө жүрсө дагы ырчынын ак-кара түстөгү сүрөттөрдө калган балалыгы, бойдок кезиндеги сүрөттөрү көпчүлүккө кызык. Бул жолу ырчынын туулган күнүнө карата сүрөттөрүн топтодук.
Гүлнур Асанова Аксы районунун Кербен шаарында 1988-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал ырдап, дастан айтуудан сырткары “Туңгуюк”, “Курмажан Датка”, “Мезгил жана Алыкул”, "Эгиздер тагдыры", "Кылмыш" тасмаларында роль жараткан.
Гүлнур Асанова "Улуу жибек жолу", "Нооруз-2010", "Нооруз-2011" эл аралык фестивалдарынын лауреаты, "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинин ээси жана башка сыйлыктар менен сыйланган. "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2011-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон.
20-январдын жылнаамасы.