"Тез жардам" ымыркай төрөлгөндөн кийин келди". Бишкекте күйөөсү аялынын төрөтүн кабыл алды

Бишкекте толгоосу кармаган аялдын төрөтүн күйөөсү кабыл алды. Бул тууралуу социалдык тармактын Юлия Барабина-Шеворакова аттуу колдонуучусу интернетке жазып, "Тез жардам" кызматы өз убагында келбей калганын белгиледи.

Окурмандын маалыматы боюнча, экинчи наристесин күтүп жаткан аялдын толгоосу 17-январда башталган. Төрөттү кабыл алган ата "Тез жардам" кызматына байланышканын, 30 мүнөт бою бригада келбегенин, кайра чалса телефонду коюп салышканын айткан. Эч кимден жардам болбосун күйөөсү түшүнүп, колун жууп, аялынын төрөтүн кабыл алганын билдирген. Ал эми "Тез жардам" кызматы ымыркай төрөлгөндөн кийин келген.

Бишкектеги "Тез жардам" борборунун директору Искендер Шаяхметов бригадалардын жетишсиздигинен улам чакыруу болгон жерге кайра жандандыруу тобу жөнөтүлгөнүн билдирди.

"Бизде бригадалар жетишсиз. Мындын улам чакыруу түшкөндөн кийин 30 мүнөткө чейин бригада жөнөтүлгөн эмес. Себеби бардык бригадалар бош эмес болчу. Чакырган тарап көпкө күтүп калбашы үчүн жандандыруу тобу жөнөтүлгөн. "Тез жардам" кызматы жерине барганда аял төрөп койгону белгилүү болгон. Эне, бала төрөт үйүнө жеткирилген", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Goodyer
2021-01-20 14:29:36
Болбогон шылтак айтып кутулмай жоопкерчилик жок конулкоштук эптеп кун откормой бироо жарымга оомат келсе ###### ###### жоор кылып бермей.
+6
Raihan0602
2021-01-20 14:35:56
Мине болсо да аман эсен көз жарып алыптыр Кудайга шүгүр.Кайсы бирин айтайын дегендей аялдарды эркектер төрөтүп калды го акыркы күндөрү
+5
Omyrova
2021-01-20 16:44:20
Жетишпейт,жок дегенди бизде абдан жакшы өздөштүрүшкөн.Жетекчилери 2тез жардамдын акчасына 1шт алышат. Өлкөну оңдойм деген адам аз, жейм деген толтура...эх Кыргызстан...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан