Айымдар секстен баш тарта турган себептер

Аялдарды түшүнүп болбойт. Төшөктө бирде жаныңды койбой эсиңди оодарса, бирде туруп себебин айтпай-дебей эле жанына жуутпай калат. Ушундан улам “аялдар кандай учурда төшөктөн баш тартышат?” деп сурайын дедим эле. Роха, Талас.
– Америкалык эксперттер аялдардын төшөктөн баш тартуу себептерин изилдеп чыгышкан. Төмөндө анын жыйынтыгы:

  • Өзүн семиз сезет. Эгер ушунусу үчүн төшөктөн баш тартып жатканын байкасаңыз, анда аны жактырарыңызды, ал сиз үчүн сүйүктүү адам бойдон кала тургандыгын айтып түшүндүрүңүз. Эркелеткен сөздөр­дөн аянбаңыз.
  • Аны ичинин көпкөнү (ичтеги газдар) кыйнап жатат. Кээде ушундай майда нерсе деле секске жолтоо болот. Андыктан ал эшикке чыгып же дааратканага барып бир топко жоголуп келүүсүнө мүмкүндүк бериңиз. Айым мындай учурда ичине саат жебеси боюнча массаж жасап, газдан арыла алат.
  • Этек кири келип жатышы мүмкүн. Мындай болсо, анын ою менен болгонуңуз оң.
  • Ал эски модадагы труса кийип жүрөт. Кээ бир айымдар стринг-труса кийип, жыныстык мүчөлөрүн сезгенткиси келбей эски үлгүдөгү труса кийишет. Же модалуусун сатып алууга убактылары жок. Муну түшүнүү керек. Андыктан, чечинүүгө келгенде эшикке чыгып кетип, анын уялбай чечинип алуусуна мүмкүндүк бериңиз.
  • Өзүн кир жана тер жыттангандай сезет. Мындайын байкасаңыз, душка чогуу түшүүнү сунуштоодон ашкан нерсе жок.
  • Ага бир жолку кошулуу жетиштүү. Бир жолу оргазмга жетүү чек эмес экендигин, болгону, каалоо жетишпестигин түшүндүрүү керек.
  • Сизден жаман жыттын чыгып жатышы. Өбүшүп, кучакташып киргенде айымдын мурдуна жаман жыттын урунуусу албетте, каалоосун жоготот. Андыктан гигиенаны сактап, кошулуу алдында жуунуу керек. Мындайда “сага шире алып келейин” деген шылтоо менен эшикке чыгып, жуунуп келе калыңыз.

Маалымат "Супер-Инфо" гезитинин №294 санына жарыяланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bond02
2021-01-21 01:36:24
Кой шире алып келип уктайын.
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан