Ырчы Нурлан Насип буга чейин чыгармачылыктан тышкары жеке ишкерлик менен алектенерин, тагыраагы, ресторан ачарын айткан. Өткөн жылы 23-декабрда ырчы мырза аталган жайдын техникалык ачылышын жасап, келген меймандарга тейлөө көрсөткөн.
Бүгүн, 20-январда ал тойкананын салтанаттуу ачылышын жасады. Ага шоу-бизнестин өкүлдөрү, ырчынын туугандары жана достору катышты.
Куттуктап келгендердин арасында Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Токтобек Асаналиев, ырчылар Айнура Салахидинова, Замир Арыкбаев жана башкалар бар.
Ачылышка келгендердин ичинен улуу муундун өкүлдөрү кафеде, ал эми жаштар барда ырдап, бийлеп көңүл ачышты.