Чыгармачылыктагы карьерасын токтоткон өзбекстандык ырчы президенттикке талапкер болорун жар салды

Өзбекстандык ырчы Жахонгир Отажонов кезектеги президенттик шайлоого катышарын жар салды. Бул тууралуу артисттин өзүнө таянуу менен бир топ маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Жахонгир Отажонов жакында эле чыгырмачылыгын токтоткон. Ал быйыл өлкөдө президенттик шайлоо болорун, ага катышуу ниети бар экенин ачык эле жарыялаган.

"Мен буга чейин сахнага чыгып жүргөндө тамаша иретинде шайлоого катышарымды айтып келгем. Бирок ар бир тамашада кичине болсо да чындык бар. Мен президенттик шайлоого катышарымды ачык эле айтам, өлкө башчысы болом деп үмүттөнөм.

Эгер мен президент болуп калсам Өзбекстандын, элдин өнүгүүсү үчүн кызмат кылам. Азыркы бийликке эч кандай каршы пикирим жок, пикир айтканга акым да жок. Учурдагы бийлик колунан келишинче иштеп жатат. Бул шайлоого катышууга үлгүрбөй калсам, кийинкисине катышам", - деген ал.

Ошондой эле Жахонгир Отажонов учурда чет өлкөдө үй-бүлөсү менен эс алып жүргөнүн айтып, жакынкы күндөрү өлкөгө кайтарын кошумчалаган.

Коңшу өлкөдө кезектеги президенттик шайлоого даярдануу март айында башталып, шайлоону өткөрүү декабрга пландалып жатканы айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Nurgazy.kanykei.abuw
2021-01-21 11:24:33
Шавкат Мирзаев кайра эле призидент болсо керек
+6
Nurtilek82
2021-01-21 11:54:13
Nurgazy.kanykei.abuw,ал уже падишахта ал жакта кийин балдарына откоруп берет
+7
makskyzy
2021-01-21 23:07:49
Булда Самарадан уйронгон го дароо креслого отурууну Самара дуйногода хит болуп жаткандай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан