Министр Улан Ниязбеков ЕККУ программасынын Бишкектеги жетекчиси менен жолугушуу өткөрдү

Ички иштер министри Улан Ниязбеков Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги жетекчиси Пьер фон Аркс менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анда министр ЕККУнун программалык жетекчисине коронавирус пандемиясы учурунда унаа түрүндө ошондой эле жеке коргонуу каражаттарында моралдык жана материалдык-техникалык жактан көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирген.

"Калк менен өз ара аракеттешүүдө ачык-айкындуулук, жеткиликтүүлүк жана натыйжалуулук биздин көчмө полиция бекеттери долбоорунда чоң натыйжалуулукту көрсөттү", - деп белгилеген Ниязбеков.

Мындан тышкары Ниязбеков ички иштер органдарын реформалоо боюнча биргелешкен концепцияны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, калк менен өз ара аракеттешүүдө ачык-айкындуулук, жеткиликтүүлүк жана натыйжалуулукка басым жасоо керектигин билдирген.

Өз кезегинде ЕККУнун Бишкектеги башчысы Пьер фон Аркс Ички иштер министрлигине мындан ары дагы зарыл болгон жардамдарды көрсөтүүгө даяр экендигине токтолгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан