"Президенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыксын". Ант берүү аземине 10 миллион сом. Күн ичинде орун алган саясий окуялардын топтому бир шилтемеде

Бүгүн, 22-январь, күнгө жума. Саясий окуялардан кабардар болууга үлгүрбөй калсаңыз, бул материал сиз үчүн. SUPER.KG порталы күн ичинде орун алган "туздуу" саясий окуялардын топтомун сунуш кылат.
Садыр Жапаров ант берүү аземине 10 миллион сом коротууга, жолдорду жабууга тыюу салганы талкууда

Президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январга белгиленди. Буга 10 миллион сом коротуу пландалганы белгилүү болду.

Президенттик аппараттан билдиришкендей, алгач иш-чарага 15 миллион сом бөлүү каралган. Бирок аталган сумма кыскартылып, 10 миллион сомго түшүрүлгөн.

Мындай маалымат социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратып, көпчүлүк интернет колдонуучулары пандемия шартында чоң суммада акча каражатын сарптоо ылайыксыз экенин белгилеп, каршылыгын билдиришти.

Садыр Жапаровдун тарапташтары жаңы шайланган өлкө башчысы инаугурацияга 10 миллион сом сарпталышына каршы экендигин жазып чыгышты.

"Садыр Жапаров инаугурация күнү резиденциядан баштап филармонияга чейинки жолду жабууга тыюу салды. 10 миллион сомдук чыгымга да каршы экенин билдирди. Инаугурация күнү жолдор жабылбайт. 10 миллион сомдук чыгым болбойт. Инаугурация жөнөкөй эле өтөт. Мындан сырткары ал президенттик кызматка киришкенден кийин кайгуул кызматынын коштоосунан баш тартып, жолду жапканды токтотот", - деп айтылат маалыматта.

Бул боюнча Садыр Жапаров өзү социалдык тармак аркылуу үн катты.

"Мен каржылык чоң чыгымдарды талап кылган атайын кортежден, банкет жана башка уюштуруу иш-чараларын өткөрүүдөн баш тартууну чечтим. Президенттин кызматына киришүүдө мыйзам талап кылган милдеттүү жол-жоболорду гана эске алуу менен ишке ашыруу маанилүү", - дейт ал.
  • Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземине 8 миллион 404 миң 248 сом;
  • Алмазбек Атамбаевдикине 10 миллион сомдун тегерегиндеги каражат;
  • Роза Отунбаеваныкына 10 миллион сомдун тегерегиндеги каражат;
  • Курманбек Бакиевдикине 20 миллион сомго жакын акча;
  • Аскар Акаевдин инаугурациясына канча каражат сарпталганы тууралуу маалыматты ачык булактардан табууга мүмкүн болгон жок.

Мурунку министр Космосбек Чолпонбаев үй камагына чыгарылды

Мурунку саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук сотунун 2020-жылдын 17-сентябрындагы токтомуна ылайык, шектүү Космобек Чолпонбаевге карата бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу туру тандалган жана ал Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы ЖАМК №1 тергөө изоляторуна камакка алынган.
Андан соң Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2020-жылдын 6-ноябрындагы токтому менен, шектүү Чолпонбаевге карата мурда тандалган бөгөт коюу чарасы 2021-жылдын 15-январына чейин узартылган.

Бирок жогоруда көрсөтүлгөн соттун токтомуна карата шектүүнүн жактоочусу Бишкек шаардык сотуна даттануу келтирген.

"Андан соң Бишкек шаардык сотунун 2020-жылдын 27-ноябрындагы токтому менен, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2020-жылдын 6-ноябрындагы айыпталуучу Чолпонбаевге карата бөгөт коюу чарасын узартуу жөнүндөгү токтому өзгөртүлгөн. Чолпонбаевге карата бөгөт коюу чарасы катары үй камагы тергөө мөөнөтүнө, башкача айтканда, 2021-жылдын 15-январына чейин тандалган. Андан соң Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2021-жылдын 6-январындагы токтомуна ылайык, айыпталуучу Космосбек Чолпонбаевге карата тандалган үй камагы түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 2021-жылдын 15-марты кошулуп узартылды", - дешти мекемеден.
Буга чейин мурунку министр пандемия учурунда шалаакылык жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалганы маалымдалган.

Президенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн Клара Сооронкулова сотко кайрылды

Президенттикке талапкерлигин койгон Клара Сооронкулова БШКнын президенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча чечимин жокко чыгарууну талап кылып, Бишкектин административдик сотуна арыз жазды. Маалыматты SUPER.KG порталына Сооронкулова өзү тастыктады.

Анын айтымында, Садыр Жапаровдун соттолгондугу жоюла элек болгондугуна байланыштуу ал БШК тарабынан президенттикке талапкер катары катталбашы керек болчу.

"Шайлоо тууралуу мыйзамдын 4-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык, соттун күчүнө кирген чечими менен абакта кармалган жарандар шайлоо жана шайлануу укугунан ажырайт. Ошондой эле мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте соттолгондугу жоюлбаган жаран президенттикке шайлана албайт. Бирок БШКнын төрайымы жана мүчөлөрү Садыр Жапаровду 2 жолу соттолгондугун, 6-октябрь күнү мыйзамсыз бошотулгандыгын билип туруп президенттик шайлоого талапкер катары катышууга жол беришкен", - деди Сооронкулова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан