Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу, мурдагы депутат Төлөгөн Касымбеков көзү тирүү болгондо 15-январда 90 жашка толмок. Тарыхый баяндардын устаты болгон Касымбеков кыргызга бир өмүрүн арнаган инсан. 2021-жылдын 15-январында “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында Кыргыз адабиятынын классиги Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгына арналган “Төлөгөн Касымбеков – Кыргыз тарыхый романтикасынын залкары” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык конференция болду.
Мындан сырткары залкардын туулган күнүнө карата бир канча илимий жыйындар уюштурулуп, жазуучу эскерилди. Ал эми баяндамачы Байма Сутенова көрсөтүүсүнө каарман кылып Эл баатырынын жубайы Элмира Касымбекова менен маек курган. Анда жазуучунун жубайы Төлөгөн Касымбеков менен жашаган 11 жылдын негизги учкай учурларын айтып берген. Айрыкча ал 35 жашында 70 жаштагы Төлөгөн Касымбековго турмушка чыгып, андан асыл туяк калганын узун сабак кылып, сөздүн сөөлүнө чыгарып кеп салган.
Маекти толугу менен төмөндө видеодон көрүңүз.
Кыскача өмүр баяны
Эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык советинин жооптуу катчысы болуп иштеген.
1980-жылы айрым чыгармалары үчүн Кыргызстан Компартиясынын идеологдору тарабынан жазыксыз кодуланган.
Башталгыч класстар мугалими жана Ак-Жол айылдык советинин жооптуу секретары болуп иштеген.
1952 – жылы «Кичинекей жылкычы» аттуу чыгармасы «Советтик Кыргызстан» журналында биринчи жолу жарыкка чыккан. «Адам болгум келет» аттуу повести 1965 – жылы орус тилинде жарык кɵргɵн. Жазуучунун эң маанилγγ чыгармаларынын бири болуп «Сынган кылыч» эсептелинет (1971), ал 1980 – жылы англис тилине которулган. Башка чыгармаларынын арасында Кыргызстандын тарыхын ХIХ – кылымдын ортосунан баштап ХХ – кылымдын башына чейин баяндаган «Келкел», «Чапкын», «Баскын», «Кыргын» деген романдарын да атап ɵтсɵк болот.