БШК 4-октябрдагы шайлоого катышкан партиялардын күрөө акчасын Жогорку Кеңеш чечим чыгарган учурда гана кайтарып бере алат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын тѳрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, азыркы тапта каражат атайын эсепте турат.
Белгилей кетсек, 2020-жылдын 4-декабрында Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкуу үчүн, эл өкүлү Улугбек Ормоновдун күрөө акчасын кайтарып берүү жөнүндө мыйзам долбоору шайлоо жараксыз деп табылган учурда жарыяланган. Бирок ал тийиштүү комитеттин кароосуна жөнөтүлө элек.
Буга чейин "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова күрөөгө коюлган 5 миллион сомду кайтарып берүү боюнча парламентке жана өкмөткө кайрылуу даярдап жаткандыгын билдирген.
Белгилей кетсек, жалпысынан БШКда 80 миллион сом - күрөөнүн жалпы суммасы бар.
2020-жылдын 4-октябрына белгиленген жарышка 16 партия катышып, анын жыйынтыгын БШК жараксыз деп тапкан.