реклама
super.kg logo

Оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтары бүткүл Орусия боюнча митинг өткөрүүдө. Акцияга чыккан жүздөгөн жарандар полиция тарабынан кармалды

 

Орусиянын бир нече шаарларында оппозициялык саясатчы Алексей Навальный колдогон акциялар өтүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, бир нече шаарда миңдеген тургундар акцияга чыгып Навальный абактан бошотууну талап кылышууда. Айрым журналисттер кабарлагандай ыраакы чыгыштагы Владивосток, Якутск, Южно-Сахалинск шаарларында эле омондор тарабынан кармалган жарандардын саны кеминде 170ти түзөт.

"Хабаровск шаарындагы борбордук аянтта 8:30да 700дөй адам чогулган. Алар Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүрөттөрүн жерге ыргытышты. Полиция кызматкерлери митинг өткөрүү шаар бийлиги менен макулдашылбаганын айтышып, акциянын катышуучуларын тарап кетүүгө үндөштү. Бирок митингчилер тарабагандыктан омон кызматкерлери жарандарды бирден кармоо операциясын баштады", - деп жазылат маалыматта.

Ал эми Москва шаарындагы Навальныйдын колдоочулары алдын-ала борбордук Тверь көчөсүнө акцияга чыгууну пландаганын жарыялашкан. Бирок таң эрте шаар бийлиги аталган көчөнү автобустар жана темир тосмолор менен жаап салышкан. Митингдер шаардын башка бир нече аймактарында өтүп жатат.

Айрым маалымат каражаттары жалпысынан "Навальныйга боштондук" аталышындагы акциялар Орусиянын 60тан ашык аймагында өтүп жатканын жазышууда.

Маалым болгондой, 17-январь күнү Орусиянын Федералдык кызматы тарабынан изделип жаткан Навальный Германиядан Орусияга кайтып келгенде аэропортто кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
162688;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: