ӨКМ: "Ысык-Көлдө өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрдүү иштери жүргүзүлүүдө"

ӨКМнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан аймакта жайгашкан тез татым жана гриль сатуучу жайларда газ колдонуу эрежелери жана өрт коопсуздугу боюнча өздүк курам тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан кыш мезгилиндеги өрт коопсуздук эрежелерин эскертүү иштеринин жүрүшүндө коопсуздук үчүн бир катар эрежелерди түшүндүрдү. Анда ачык аянтта кургак чөптү, таштандыларды өрттөбөөгө, бузук мештерди жана морлорду колдонбоого, бузулган жараксыз электр орнотмолорун жана колго жасалган жылытуу электр приборлорун колдонбоого, күйүүчү материалдарды чатырда, жер төлөдө жана тепкичтердеги аянтчада сактабоого, балдарды кароосуз калтырбоого жана электр жылыткычтарын күйүүчү буюмдарга жакын орнотпоону эскертишти. Ошондой эле өрт катталган учурда 112 жана 101 кыска номуруна чалуу керектигин түшүндүрүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан