Бүгүн Бишкекте абанын булганышы кайрадан жогорулады
Бүгүн, 25-январда саат 09:50гө карата Бишкек шаарында абанын булганышы кайрадан жогорулады. Мындай маалыматты "МувГрин" жаштар кыймылынын интернет баракчасынан көрүүгө болот.
Ага ылайык, Бишкектин бир нече жерине абанын булганышын ченөөчү приборлор орнотулган. Приборлордогу маалыматтарды Эйрказ.орг сайтынан онлайн түрүндө көрүп турууга мүмкүн.
Абдыкадыров көчөсүндөгү учурдагы көрсөткүч - 87 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч – 88). Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунда орточо эсеп менен куб метрге 25 микрограмм болгон көрсөткүч норма катары саналат.
"Ош базарынын" аймагында учурдагы көрсөткүч - 243 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 207 микрограмм).
Чыгыш-5 кичи району – 431 микрограмм (сутка ичиндеги орточо көрсөткүч - 151 микрограмм).
