Кыргыз футболчусу Максат Алыгулов Молдованын "Сфынтул Георге" футболдук клубунун кароосунда жүрөт. Мындай маалымат аталган футболдук клубдун расмий баракчасына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, Алыгулов "Сфынтул Георге" менен окуу-машыгуу жыйынында жүрөт жана 23-январда "Флорести" клубуна каршы оюнда негизги курамда чыгып, оюндун 26-мүнөтүндө гол жараткан. Оюн 4:1 эсебинде "Сфынтул Георге" клубунун жеңиши менен аяктады.
20 жаштагы Максат Алыгулов өткөн сезонду Канттын "Абдыш-Ата" клубунда өткөргөн.