Орусиянын "Вектор" илимий изилдөө институту дүйнөдө биринчи болуп Улуу Британияда чыккан жаңы штаммдын сүрөтүн жарыялады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жаңы түрүнүн сүрөтү электрондук микроскоптун жардамы менен алынган. Анда диаметри болжол менен 140 нанометр болгон тегерек формадагы вирустук бөлүкчө көрсөтүлгөн.
Учурда окумуштуулар жаңы штаммдын структуралык өзгөчөлүктөрүн жана анын клеткаларда пайда болушун лабороториялык жаныбарларда изилдеп жатышат.