Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексине директор болот. Бул тууралуу Бишкек Эркин экономикалык аймагынын башкы директору Кудрет Тайчабаров өзүнүн социалдык баракчасына жазды. Маалыматты Сыдыковдун жубайы, режиссёр Ырыс Окенова тастыктады.
"Манас" дегенде 3 күн, 3 түн уктабай койчу мекенчил агабыз Дөөлөт Сыдыковду чакырып, "Манас айылына" жетекчи болбойсузбу деген сунуш менен кайрылсам, агабыз бул сунуш күтүлбөгөн, өтө чоң жоопкерчиликти талап кылган жаңылык экенин айтып, көпкө ойлонуп макулдугун берди. "Манас айылына" директор болсо чын дили менен кызмат кылып, кайсы эшик болбосун кагуусуз кирип, демөөрчүлөрдү тартып, тарыхый, маданий баалуулугубузду сактап гана калбай, өнүктүрө алабыз деген ойдо бул чечимди кабыл алдым", - деп жазган Тайчабаров.