Экс-вице-премьерлер Аида Исмаилова жана Алтынай Өмүрбекова Финполго суракка чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына күч органдарындагы өздүк булактар билдиришти.
Маалым болгондой, эки вице-премьер тең эртең, 26-январда сурак берет. Исмаилова 9:30га чакырылса, Өмүрбекова 15:00гө чакырылган.