Пингвиндей болуп баскыла. Шотландиянын жашоочуларына тайгак жолдордо жүрүүдө кеңеш берилди

Шотландиянын Саламаттыкты сактоо улуттук кызматы "пингвин басыш" жол тайгакта көптөгөн кырсыктарды алдын-ала тургандыгын айтты.

Тайгакта жыгылып түшпөө үчүн жарандарга бир аз ийилип жана тизелерин бош абалда кармоону сунушташкан. Андан соң кадам таштап, салмакты кадам таштаган бутка салуу керектигин жазышкан.

"Азыркы тапта ооруканаларга ар кандай жаракат алып түшкөн жарандардын саны көбөйдү. Бизге сиздин жардамыңыздар керек. Мындан улам эшикке чыгарда же жумушка бара жатканда өзүңүздү пингвиндей сезип басыңыз, бардыгы жакшы болот", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2021-01-26 14:30:40
Муз жолдо озун деле пингвин болуп калат экенсиз.Шиш така кийген аялдарга тан калдым.Же конуп калышканбы.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан