Каракол: Митингчилер облус башчы Эмил Каптагаевди кармап, унаага салып, сыртка чыгарбай, койгон шарттарын аткарууну талап кылып жатышат
Каракол шаарында митингчилердин саны өсүүдө, учурда 250-300дөй адам бар. Борбордук аянтка 30дай атчан адамдар келишип, облус башчы Эмилбек Каптагаевди унаалардын бирине салышып, сыртка чыгарбай жатышат. Обладминистрациянын имараты курчоодо. Митингдин уюштуруучулары чогулгандарды тынчтыкты сактап турууга чакырышууда.