"iPhone 12" уюлдук телефондору ден соолукка кооптуу экендиги айтылды

Apple компаниясы иштеп чыккан "iPhone 12" уюлдук телефондору ден соолукка кооптуу экендиги айтылды.

Компаниянын өкүлдөрү "iPhone 12" телефонунда бир катар магниттер бар экендигин, бул Apple смартфондорунун мурунку моделдерине караганда зыяндуулугу көп экендигин айтышкан.

Адистер аталган уюлдук телефондун "MagSafe" деп аталган зымсыз кубаттагычын колдонуу учурунда шайманды 15 же 30 сантиметрден ашык аралыкта сактоону сунуштайт.

Буга чейин дарыгерлер "iPhone 12" телефондоруна орнотулган магниттер имплантацияланган
кардиостимуляторлорго зыян келтирерин байкаган. Аталган уюлдук телефондун жаңы сериясы 2020-жылдын күз айларында сунушталган. iPhone 12 сериясындагы смартфондору, MagSafe зымсыз кубаттагычы сыяктуу, белгилүү бир зыяндуу магнитке ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira...
2021-01-26 19:52:21
Сүрөтүн да чыгарып койбопсунар, мага окшогондор билип алат элек.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан