Конституциянын жаңы долбоору боюнча аткаминерлер чет өлкөлүк банктарга каражат сактоого тыюу салынат. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда өткөн конституциялык кеңешменин жыйынында айтылды.
Белгилүү болгондой, жаңы Конституциянын долбоорунун 43-беренесине ылайык, мамлекеттик кызматты ээлеген адамдар чет өлкөнүн банктарына эсеп ачууга, акча каражаттарын же баалуу буюмдарын сактоого тыюу салынат.
Бул беренеге акыйкатчы Токон Мамытов, Жогорку Кеңештин депутаты Умбеталы Кыдыралиев жана эксперт Нурлан Шерипов каршы чыгышты. Добуш берүүдө көпчүлүк конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн добушу менен аталган беренени калтыруу чечилип, бирок мыйзам толукталмай болду.
Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирип, Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык конституциялык укук кафедрасынын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев жетектеген.