Ырчы Бакыт Сейталиев: "Көкүрөгүмдө чачылып жаткан чыгармалардын үстүндө иштеп жатам"

Чыгармачыл адамдар башкаларга окшобогон өзгөчө бир жан дүйнөгө ээ, сезимтал келишет эмеспи. Бүгүнкү каарманыбыз да башкача бир дүйнөсү бар, аз сүйлөгөн, жаш болсо да керемет обондорду жаратып келе жаткан ырчы, обончу, аткаруучу Бакыт Сейталиев. Анын "Акшооланын ыры", "Мен сени", "Ыр куса", "Таарынтпайм сени экинчи", "Адамзат", "Жаңылып сүйүп алыпмын" ,"Сен мени" аттуу обондору өз угармандарын таап, ырдалып келе жатат. Каарманыбыздын чыгармачылыгы, жан дүйнөсү тууралуу маек курдук. Ал биз узаткан суроолорго кыска-нуска жооп берди.

Каарманыбыз тууралуу:
Аты-жөнү: Бакыт Сейталиев
Туулган жылы: 1993-жыл 20-октябрь
Туулган жери: Талас облусу, Кара-Буура району, Чоң-Кара-Буура айылы
Билими: Жогорку, Кыргыз -Түрк "Манас" университетиндеги көркөм өнөр факультетиндеги театралдык бөлүмүн аяктаган.
Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, 1 кыздын атасы.

- Бакыт мырза, саламатсызбы? Чыгармачылыкта кандай жаңылыктарыңыз бар? Учурда эмне менен алексиз?

- Саламатчылык, жакшыбыз кудайга шүгүр. Учурда Таласта ата-энемдин жанында, айылдабыз. Чыгармачылык дүйнөмдөгү жаңылыктарды элге жеткирүүнүн үстүндө аракетимди көрүп жүрөм. Ушул кышкы мүмкүнчүлүктү пайдаланып, чачылып жаткан көкүрөгүмдөгү бир канча чыгармалардын үстүндө иштөөдөмүн.

- Чыгармачылык сиздин негизги кесибиңизби же жөн гана хоббиби? Алгач обону жаралабы же сөзүн таап алган соң кайрыктарын жаратасызбы?

- Чыгармачылык менин кесибим, менин жан дүйнөм десем болот. Мен ошол нерседен эргүү, рахат алам. Ансыз жашоомду элестетүү кыйын. Ал эми обон чыгарууда кээде ар кандай болуп калат. Айрым учурда алгач обону жаралып калат, мен аларды өзгөчө кайрыктар деп коём. Бирок көбүнчө акындын чыгармасынын абалын түшүнүп, андагы сөздөрдүн талабын аткарам. Сөзгө маани берсең ал обонду өзү талап кылат, мен ошону берүүгө аракет кылам.

- Алгачкы обонуңузду качан, кантип жараттыңыз эле?

- Биринчи жолу 2015-жылы элибизге белгилүү акын, жазуучу Жыпар Исабаева эжекебиздин калемине таандык "Мен сени" деген чыгармасына обон чыгаргам. Мен анда студент болчумун. Алгач бир эки акындын ырларына көз жүгүрттүм, купулума толгон мыкты чыгарма болсо обон жаратсам дечүмүн. Обон жарата алаарыма көзүм жетчү, ишенчүмүн өзүмө. Бирок обон жаратам деп колума бир-эки акындын китебин алып карап чыкканымда, көлөмдүү ыр жыйнактан купулума толгон бир чыгарманы жолуктура албадым, же уйкаштыктары дал келбедиби жан дүйнөмө, айтор жолуктура алган жокмун. Мен обон жарата албайт окшойм деп ойлодум. Ошентип күндөрдүн биринде жездем айтып калды, Жыпар Исабаева деген акын эженин ырларын карап көрбөйсүңбү обон чакырган жакшы чыгармалары бар деди. Ошентип Жыпар эжемдин чыгармаларына жолуктум, бир канча ырына обон жараттым.

- Жыпар Исабаевдан башка дагы акындардын ырларына көз салып көрдүңүз беле?

- Ооба, көргөм. Биринчи обон жаратаарда бир топ акындын ырын окуп көрдүм. Чынында мыкты ырлар бар болчу. Бирок менин кайрыгыма үндөш, жан дүйнөмө жакын саптарды кезиктире албай койдум. Андай саптарды мен бир гана Жыпар Исабаева эжемдин ырларынан таптым. "Окшоштук окшоштукту тартып турат" деген сөз бар эмеспи, акын эжем менен жан дүйнөбүз окшош. Негизи эле жашоодогу жакын устатым. Көп нерселерди кеңешип, акылдашып турам.

- "Акшооланын ыры" аттуу чыгарманыз үйлөнүп жаткан жаштардын гимнине айланган чыгармалардын бири болду окшойт. Жаралуу тарыхы тууралуу айтып берсеңиз.

- Ал негизи бири-бирин тапкан бактылуу жуптардын чыгармасы. Жыпар Исабаева эжемдин "Адашкандар" романынын негизинде жазган ыры. Аны алгач элге ырчы Самара Каримова ырдап чыкты. Коомчулук жакшы кабыл алды. Өзүм дагы үйлөнүү тоюмда жар-жардын ордуна ошол ырды ырдап, келинчегим экөөбүз кирип келдик.

- Кыргыз обончуларынан кимдерди, кайсы өзгөчөлүгү үчүн баалайсыз?

- Мен кичинемден Рысбай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков, Чубак Сатаев, Калмурат Рыскуловдордун ырларын угуп чоңойдум. Ата-энем алардын ырларын көп ырдачу, атамдын унаасында да дал ушул обончулардын ырлары жаңырып турчу. Балалык чагыман бери уккан үчүнбү жан дүйнөмө ошол адамдардын обондору жакын. Алардын обондорунда негедир башкача бир кайрыктар бардай сезилет. Укканда дүйнөң жыргап, рахат аласың. Ар биринин бири-бирине салыштыргыс обондору бар, дал ошонун өзү эле өзгөчөлүк деп ойлойм.

- Жан дүйнөңүздү эмне кубантып, эмне кейитет? Бук болгон учурларыңыз болобу?

- Алты саныбыздын аман экендиги, ата-энебиздин кашыбызда отурганы кубантат. Негизинен көп кейибегенге аракет кылам. Чыгармачыл адамдар бук болгон учурда чыгармасынан чыгарат деп ойлойм. Мен өзүм дайыма ырдап турам, ошол себептүү да көп бук болбойм. Мындан сырткары бир нече жылдан бери спорт менен алектенем. Ал дагы көп учурда жардам берет.

- Өмүрдө бир нерсени көп жолу ойлонуп анан жасайсызбы же тобокелчисизби?

- Мен ойлоно турган иш болсо, ойлонуп, жети өлчөп, бир кескенди жактырам. Кээде кырдаалга жараша тобокелчи болгон дагы жакшы, эгер ошону талап кылса. Бирок көбүнчө ойлонуп иш кылам.

-Акыркы жолу маңдай жарыла качан кубандыңыз?

- "Кудайдын кулагы сүйүнсүн" деп коет эмеспи, маңдай жарыла кубанган учур күн сайын эле болот. Себеби баарыбызга кубаныч, күлкү тартуулап турган кызыбыз Акшоола бар. Ар бир кылыгына жүрөгүбүз элжиреп эле отурабыз. Кудай буюруса, бир жумадан кийин бир жашка чыгат.

- Адам өз жашоосун өзү курабы же бардык нерсе тагдырданбы?

- Менин оюмча ар бир адамдын жашоосу өз колунда деп ойлойм. Кандай жашоо образын түзүүгө аракет кылса ошондой болот. Себеби кудай бизди бул дүйнөгө жашасын деп жаратты да. Анан баарын эле тагдырга таштап койгон болбойт го.

Бакыт Сейталиев "Акшооланын ыры"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан