Мурунку президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаева Кыргыз өлкөсүнө келди. Бул тууралуу ырчы Айчүрөк Султанова Facebook баракчасына билдирүү жазганын социалдык тармактын колдонуучулар билдирип жатышат.
Ал Токторбаева менен бирге түшкөн сүрөтү менен бөлүшүп, төмөнкүдөй билдирүү калтырган.
“Биздин “Достор” тобундагы ажарлуу, мээримдүү досубуз Орозгүл Токторбаева келип, кубанычыбызда чек жок. Ал жаңы долбоору менен келди, ага ийгилик каалайбыз", - деген ырчы.
Аз убакыттан кийин ал билдирүүсүн өчүрүп салган.
Эске салсак, Орозгүл Токторбаева дагы ырчы. Акыркы жылдары ал Жаныш Бакиев менен Минск шаарында жашап келген. Алардын ортосунда 2 бала бар.
Кыргыз өлкөсүндө Жаныш Бакиев Кылмыш-жаза кодексинин бир катар оор жана өзгөчө оор беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. 2010-жылы 7-апрелдеги окуялардан кийин Бакиевдер өлкөдөн чыгып кетишкен. Курманбек Бакиев Минск шаарынан саясий башпаанек алган.
Бакиевдердин үй-бүлөсү Беларустун президенти Александр Лукашенко менен достук катышта.