Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп Нурбек Сыдыгалиев шайланды.
"Мага ишеним көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирем. Жогорку Кеңештин регламентин кынтыксыз аткарууга, парламенттин аброюн көтөргөнгө бардык аракетимди жумшайм", - деди ал.
Бул кызматка эки талапкер аттанышкан. "Ата Мекенден" Нурбек Сыдыгалиев 77 добуш алса, "Өнүгүү-Прогресстен" Улан Исмаилов 38 добуш алды.
Буга чейин вице-спикер болуп келген Мирлан Бакиров кызматынан кеткен.