Бир аптанын ичинде жол эрежелерин бузган 359 чет өлкөлүк номердеги унаалар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-январдан 21-январга чейинки бир апта аралыгында каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, жана башка ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номурлуу 359 унааны аныктады.
"Алардын ичинен 55 Орусияныкы, 5 Арменияныкы, 6 Азербайжандыкы, 276 Транзиттик номурлар, 17 жана башка чет өлкөлүк унаалар. Булардын баарына бузуулар тууралуу кодексинин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 9 чет өлкөлүк авто унаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.