Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Таалайкан Абазова менен ырчы Нуриса Абазованын бир тууганы жардамга муктаж экени, тез аранын ичинде анын боорун алмаштыруу зарыл экенин жазганбыз.
Өнөр адамдарынын бир тууганы Бакытбек Абазов өткөн жылдын ноябрь айында Орусиянын Новосибирск шаарына учуп кеткен. Бүгүнкү күндө бейтаптын абалы жакшы, ага операция жасалган. Бул тууралуу ырчы Нуриса Абазова тарабынан белгилүү болду.
"Агама өткөн жылы 16-декабрда операция жасалган. Акыбалы жакшы, өз алдынча басып калды. Учурда ооруканада, тиешелүү дарылануудан өтүп жатат", - деди ырчы.
Эске салсак, 2-типтеги кант диабети менен жабыркаган Бакытбек Абазовго өзүнүн баласы донор болуп берери кабарланган.