"Өздөрүн социалдык кызматкерлер деп тааныштырган". Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарында милициянын ыкчам кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына И.Г. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси 4-сентябрда саат 14:00 чамасында өздөрүн социалдык кызматкерлер деп тааныштырган, жакын батирде жашаган чала тааныш аялдар гуманитардык жардам көрсөтөбүз деп убада кылышып, 675 миң сом өлчөмдөгү акчасын жашыруун алып белгисиз тарапка качып кетишкенин айтып, аларга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

"Бул кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү 1992-жылы туулган И.Р. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды. Бул факты Ленин РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш жаза кодексинин 200-беренеси ("уурдоо") менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган", - деп жазылат маалыматта.

Учурда кармалган жарандын башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар же жок экендигин аныктоо үчүн зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
TIMON_BERKOWITZ
2021-01-28 05:30:47
Допондор 675мин акчан бар болсо гумпомощь сурайбы анан? Чала болуптур андай олумушторго!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан