Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрү USMLE Step 2 CS сынагынан бошотулат

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультети Дүйнөлүк медициналык билим берүү федерациясы тарабынан таанылды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул аталган окуу жайдын медицина факультетинин бүтүрүүчүлөрүн USMLE Step 2 CS эл аралык сынагынан бошотууга шарт түзөт.
"Бул жетишкендик жалпы окуу жайыбыздын эмгек жамаатынын кезектеги ийгилиги. Баарыбыз биргеликте аткарган иш-аракеттерибиздин натыйжасы. Мындан ары да биримдикте, ынтымак менен албан-албан ийгиликтерди жаратып, дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты адистерди даярдайбыз деп ишенем", - деп билдирди ЖАМУнун ректору Кеңешбек Усенов.
USMLE Step 2 CS – бул дарыгердин инсандык, коммуникациялык жана клиникалык жөндөмдөрүн текшерүү үчүн кадимки бейтаптарды колдонуу аркылуу жүргүзүлгөн экзамен. Ошондой эле дарыгердин бейтаптарга болгон мамилеси жана англисче сүйлөө жөндөмү да текшерилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2021-01-28 00:56:20
Жакшы жанылык.Ийгилик.Кыргыз жеринде ,элине кызматынарды аябагыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан