Түркияда пайда болгон суу ташкыны жолдорду жана үйлөрдү каптады

Бүгүн, 27-январда Түркиянын Анталия провинциясында суу ташкыны катталды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Анталиянын батышындагы деңизге жакын Коньяалты районунун суу ташкыны каптап, суу 5 метрге чейин көтөрүлгөн. Деңиздеги шамалдын ылдамдыгы саатына 180 метрге жеткен. Мындан улам деңизге жакын жолдорду жана үйлөрдү суу каптаган.

Түркиянын метеорологиялык кызматы билдиргендей, ташкындын пайда болушуна эки күндөн бери нөшөрлөп жааган жамгыр жана күчтүү бороон себеп болгон.

Суу ташкынынан жабыркагандар катталбагандыгы жазылат маалыматта.

"Бүгүн, эрте менен 07:30 чамасында Анталия шаарында жаан көп жаап, катуу шамал болуп, деңизде суу ташкыны катталды. Суу деңизге жакын Коньяалты районундагы жолдорду жана үйлөрдү каптады. Бул шаарда эмгектенип жүргөн Кыргыз жарандары да бар. Табият кырсыгынан жабыркаган Кыргыз жарандары жок", - деп билдирди SUPER.KG порталына аталган шаарда эмгектенген мекендешибиз Миржан Бектурсун уулу.

Түркияда пайда болгон суу ташкыны жолдорду жана үйлөрдү каптады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lina2020
2021-01-28 14:22:41
Бул Антальяда кыш мезгилинде катталчу кадимки эле көрүнүш. Тиги жаңылыкты билдирген байкебиз жаңы барган го. Мен да эмне болуп кетти экен Антальяда деп кире калыпмын бул жакка).
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан