Казакстандын "Кызыл-Жар" футболдук клубунун кароосунда жүргөн Кыргыз улуттук курамасынын чабуулчусу Эрнист Батырканов "Кызыл-Жар" клубу үчүн алгачкы голун жаратты.
Окуу-машыгуу жыйынынын алкагында "Кызыл-Жар" командасы Болгариянын "Арда" клубу менен кез келип, оюн 3:2 эсебинде казакстандык клубдун жеңиши менен аяктады. Кыргыз футболчусу негизги курамда оюнга чыгып, гол жарата алды.
22 жаштагы Эрнист Батырканов өткөн сезонду бишкектик "Дордой" клубунда өткөрүп, өлкө чемпиондугун жеңип алган.