Бир сутка ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча, бирөө Бишкекте, экинчиси Чүй облусунда катталды.
Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 2 медкызматкер чыгарылган.
Республика боюнча COVID-19 жана пневмония илдети медицина тармагынын 4 миң 170 кызматкеринен аныкталып, алардын ичинен 4 миң 83ү сакайды.