Ассоль Молдокматова Бүткүл дүйнөлүк FHI мода уюмунун "Икона стили" статуэткасы менен сыйланды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, Молдокматовага аталган сыйлык сахнадагы кайталангыс стили жана образы үчүн берилген.
"Сыйлык тапшыруу аземине чакыруу келген, бирок мага статуэтка тапшырарын билген эмесмин. Тилекке каршы салтанатка үй-бүлөлүк шартка байланыштуу бара алган жокмун.
Жаңылыкты окуп алып абдан кубандым. Бул күтүүсүз жана жагымдуу болду. Вадим Бариевичке жана Вячеслав Зайцевге ыраазычылык билдирем!", - деп жазып калтырган Ассоль Молдокматова.