SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Ош шаарынын жашоочусу кайрылды. Ал мыйзам баарына бирдей иштеш керек экенини айтып, Ош шаарындагы "Тазалык" ишканасына тийиштүү автоунаа эл басчу көчөдө токтоп турганын, буга чара көрүлүүсүн өтүндү.
"Бул Ош шаарындагы "Тазалык" ишканасына тийиштүү автоунаа. Бул жер Ош шаарындагы долбоордун үстүндөгү жол. Бул унааны башкарган айдоочу унааны жөө басып өтүүчүлөрдүн жолуна токтотуп коюптур. Ушул унаанын ордунда карапайым элдин унаасы турганда, милиция кызматкерлери эвакуаторду алып келип, айып төлөөчү короого алып барып коймок. Өлкөбүздө мыйзам баарына бирдей болушу үчүн ушундай баш-аламандыкты жоюшубуз керек. Бул боюнча чара көрүлсө жакшы болмок, автоунаа жолдон өтүп жаткан унааларга дагы ыңгайсыздык жаратып жатат", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.