"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында адам аттарынын маанисине көңүл бурабыз. Себеби эл арасында адамдын тагдыры, келечеги анын атына жараша болот деген ишеним бар.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиевден Кыргыз өлкөсүнүн мамлекет башчыларынын атынын маанисин чечмелеп берүүнү сурандык.
Аскар - араб тилинен которгондо "аскер", "армия" деген маанини берет. Бирок бул ысым көбүнчө кыргыздарга тиешелүү болуп, кыргыздарда көп коюлган ат. Бизде бул ат балага "аска зоодой, аскадай бийик, бекем адам болсун" деген тилек менен коюлуп келет.
Курманбек - деген ысымдын эки түрдүү мааниси бар. Биринчиси "курман" Алла Таалага арнап курмандыкка чалуу. Башкача айтканда, Кудайдын жолунда курман болуудан кайра тартпаган, Кудай жолунда жүргөн киши болсун деп коюлушу мүмкүн. Дагы бир мааниси "курман майрамга" байланыштуу. "Курман" деген арабча, "байрам" деген түрк тилдүү сөз. Ага "бек" деген кыргыздын сөзүн кошушкан. Экинчи мааниси кыргыз элинин эпосундагы "Курманбек баатырдай эли-жерин коргогон баатыр болсун" деп коюшса керек.
Роза - деген эл аралык ат. Бул европа элдеринде дагы абдан көп жолуккан ысым. Бизде роза гүлүндөй, назик, сулуу кыздардан болсун деген жакшы тилек менен коюшат.
Алмазбек - "алмаз" бул кымбат баалуу, абдан бекем, курч кристалл түрүндөгү минерал таш. Кыргыздар балага бул ысымды ыйгарууда алмаздай бекем болсун деген тилек менен коюшкан. Ошондой эле өмүрлүү болсун, курч болсун, эч нерседен жалтанбасын, тартынбасын деген мааниде дагы бул атты тандашкан.
Сооронбай- кыргыздарга тиешелүү ат. Орус тилине которгондо "утешение", "успокоение" дегенди билдирет. Мааниси - тынчтандыруу, көңүлүн жайгаруу. Мисалы, Алооке келет дегенде ыйлаган бала сооронду. Жакшы сөзү менен сооротот, жаман токмогу менен сооротот. Бизде бул ат көбүнчө бир окуяга байланыштуу коюлат. Алсак, бир жаманчылык болуп өткөндөн кийин төрөлгөн бала болсо, ушул жакшылыкка сооронуп калалы, алымсынып калалы деген мааниде ыйгарылган. Ал эми жакшылык болуп калса, оюндагысын кабыл кылуу, ыраазы болуу деген мааниде.
Садыр - араб тилиндеги "садр" деген сөздөн алынган. Биринчи мааниси дин кызматкери, диний башчы дегенди билдирет. Ал эми өтмө мааниси "мартабалуу", "максаттуу" деген маанини түшүндүрөт.