Италияда үйлөр кайрадан бир еврого сатыла баштайт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Италиянын түштүк тарабындагы Фоджа провинциясындагы Биккари коммунасынын мэри аталган аймакта калктын саны азайгандыктан үйлөрдү бир еврого сата тургандыгын жарыялады. Бирок үйдү сатып алган адам 3 жыл ичинде турак-жайды оңдоп-түзөөдөн өткөрүшү керек.
Биккари коммунасы Апулиянын түштүк-чыгыш аймагында жайгашкан. Азыркы учурда эки миңге чукул калк жашайт. Аталган аймакта жаш муундар башка чоң шаарларга жумуш издеп кетип калышкан. Калктын дээрлик көпчүлүк бөлүгүн улгайган адамдар түзөт.
Калктын санын көбөйтүү жана Биккарини жандандыруу максатында мэр Жанфилиппо Миньон Италиянын башка шаарларын туурап, үйлөрдү бир еврого сата тургандыгын жарыялады.
"Жергиликтүү тургундар башка аймактарга кетүүнү улантып жатат. Алардын көпчүлүгү бул жакка кайра кайтып келишпейт. Мындан улам үйлөр бош калууда", - деген аталган аймактын мэри Жанфилиппо Миньон.
Мындан тышкары ал аймак кооз жаратылышы менен мактанууга арзый турганын кошумчалап өткөн.
"Биккари Дауния тоолору, жыш токойлор, талаалар, зайтун бактары жана көл менен курчалган. Ал жерден Адриатика деңизин, Тремити аралын көрө аласыз", - деп кошумчалап өткөн Жанфилиппо Миньон.
Буга чейин мындай арзан үйлөр Италиянын аймагында сатыла тургандыгы кабарланган.