реклама
super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Сузактагы мектепте ысык тамакка акча сурап жатышат " дейт окурман. Бул боюнча тийиштүү мекеменин жообу

 

SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө Сузак районунун жашоочусу "Азыркы учурда мектептерде ысык тамакка акча чогултулабы? Ушул боюнча таң калып жатам. Мисалы, Сузак районунун Б.Калимбетов атындагы №94 мектепте айына 150 сомдон ысык тамакка акча чогулткула деп жатат. Садыр авам коррупцияны мектептен баштадыбы, билип берсеңиздер", - деп кайрылган атын атагысы келбеген окурман.

Бул маселе боюнча тийиштүү мекемеге кайрылганыбызда, төмөндөгүдөй жооп алдык.

"Аталган мектеп ПРООН программасынын алкагында ушул жылдын январь айынан тарта ысык тамак берүүгө өткөн. Ар бир балага күн сайын 11 сомдун тегерегиндеги каражат сарпталат. Анын 7 сому мамлекет тарабынан бөлүнсө, калган сумманы ата-энелер тарабынан берилүүсү боюнча жыйын өткөрүлүп макулдашылган. Бирок ал айына 100 сомдон деп бекитилген", - деди өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нурайым Турдумаматова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
03.02.2021. 22:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
662
Катталган:
14-11-2019
Соӊку аракети:
21-06-2021 23:21
Жынысы:
Белгисиз
+2
1 айга 150сом төлөп атса сүйүнсүн да, биз Москвада күнүнө 150дөн төлөйбүз го мамлекеттик садике сүйүнүп эле.
04.02.2021. 10:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
366
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
04-06-2021 02:29
Жынысы:
Белгисиз
-1
Belek1710,сен Оруссия менен Кыргызстанды салыштырба,ат менен төө
03.02.2021. 22:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
25-07-2020
Соӊку аракети:
15-05-2021 06:53
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул ысык тампгын бербей деле койсо болмок баардык эле мектептерде балдар тамактануучу аш каналар талапка жооп бердейт нары тамактарын деле балдар ичпейт даамсыз малга жасалган эле аталадай тоба тоба.андан көрө аш каналардын тазалыгын карап бир булочка же бирден пирайник менен жарым крушкадан чай берсе ошол жетиштүү болот эле.
03.02.2021. 23:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
68
Катталган:
15-08-2017
Соӊку аракети:
20-06-2021 16:20
Жынысы:
Белгисиз
-2
Биз деле айына төлөп жүргөнбүз бул мурда эле бар эле, ыссык тамакка өткөн менен толук мамлекет камсыздай албайт. Как будто Садыр Нуркожоевич алып жаткандай жазыптыр го, ошол 150 сомду бир айга болсоңор канча сомдон туура келет экен
03.02.2021. 23:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1118
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
21-06-2021 23:01
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жоготуп эле койгулачы,детдомдой кылбай, эртен менен кечке окуса бир жөн, 4 же 5 сааттан кийин уйүнө келишет го. Канча акча бөлүнөт аркасынан текшерген эч ким жок, гороно эле жыргап атат ортодо.
04.02.2021. 01:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
245
Катталган:
21-01-2012
Соӊку аракети:
21-06-2021 22:44
Жынысы:
Белгисиз
+2
150сом эн жакшы баа,, ачка адам сабакга конул бурбайт, ошого тамак жегени жакшы жаш балдардын
04.02.2021. 01:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
197
Катталган:
07-03-2017
Соӊку аракети:
22-06-2021 03:57
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындап эле ыссык тамак болбосо да ,пряник,печенье же булочка чай менен берип койсокичикей балдарга мотивация болот.Кундо эле уйдо шириндик бере албагандар бар.Мисалы мен.Бала мектепке кызыгып барат жок дегенде шириндик учун.150 сомду бир айда балага жон да беребиз
04.02.2021. 10:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
21-06-2021 14:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
берсенер оз баланарга бересинерда,копчулук мектепте кадимки печеньеге каймак суртуп эле карматып коёт,ысык тамак ичип курсагы ток бала окууга конул болот,курсагы ачкан баланын сабакта отурганда ою тамакта болуп алаксып калат.Ошондуктан мектепте печенье мн алдаган ашканаларда бар.Эч болбосо коржик берсинчи деп келишет балдар.Ысык тамак менен камсыз кылган мектептин директорлору чуркап журуп проондон утуп алып балдар учун уюштурганы жакшы эмеспи.150с чонтогундон балдарын учун кетсе кетсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
170688;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: