Кыргыз өлкөсүндө Бишкек-Москва багыты боюнча туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлдү. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан SUPER.KG порталына билдирди.
Ага ылайык, каттамдарды эки авиакомпания аптасына үч ирет жүргүзүп жатат: "Аэрофлот" - шейшемби, жума, жекшемби жана "АвиаТраффик" - шаршемби, жума, жекшемби күндөрү.
"Орусиянын өкмөтүнүн буйругуна ылайык, 8-февралдан тартып өз ара негизде Кыргыз өлкөсүнө Москва–Бишкек маршруту боюнча туруктуу каттамдардын саны, жумасына бир каттамдан үч каттамга чейин көбөйтүлөт. Бул чечим Кыргыз өлкөсүндө эпидемиологиялык кырдаалдын турукташтыгына, Орусия тарабы менен маселе иштелип чыккандыгына байланыштуу, ошондой эле жаңы коронавирус инфекциясынын кирүүсүн жана жайылуусун алдын алуу боюнча ыкчам штабдын көрсөтмөсү боюнча кабыл алынды", - деп билдиришти элчиликтен.