Балка менен башына бир нече жолу чапкан. Кеминде күйөөсүн өлтүргөн аял милицияга өзү келди

Чүй облусунун Кемин районунда күйөөсүн өлтүрүп алган аял милицияга өзү келди. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча адам өлтүрүү Кеминдеги көчөлөрдүн бириндеги үйдө 9-февралдан 10-февралга караган түнү болгон. Анда жубайлар досторуна барып келгенден кийин үйгө келип урушушкан. Натыйжада аял күйөөсүн башка балка менен бир нече жолу уруп, күйөөсү алган жаракатынан улам ошол жерден көз жумган.

Аял кылмышты жасоодо күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Учурда ал бул кылмышка эмне себептен барганы териштирилип жатат. Аталганы факты Кемин РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Учурда зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалардын топтому дайындалып тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Маркум 53 жаштагы С.К., ал эми шектелип жаткан жубайы 45 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rafo80
2021-02-10 17:36:35
Кызганычтан болгон окшойт да. Э Аллах адамдардын жүрөгүнө мээрим бер.
+5
AykaMer
2021-02-11 12:53:51
Ыраматылык устаз Чубак ажы көп айтчу эле аял күйөөсү болуп аяштар менен отурбаш керек.Барса да аялдар өзүнчө эркектер өзүнчө отуруш керек деп... Аралашып отурса ушундай кызганычка алып келет,кызгана турган түрү болсо отурушка барып не кылат?!...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан