"Оптима банк" кардарларына интернеттеги алдамчылыктын жаңы схемасы тууралуу эскертет

"Оптима банк" кардарларга интернеттеги алдамчылыктын жаңы схемасы тууралуу эскертет. Тагыраагы, интернетте Оптима24 мобилдик тиркемесиндеги авторизация үчүн банктын ар бир кардарына 12000 сомдон акча ойнотулгандыгы жөнүндө жарнамалары бар фишингдик (жасалма) сайттар пайда болгонун маалымдайт. Ошол эле учурда жасалма баракчаларда банктын жана Оптима24 тиркемесинин, компаниянын логотиби жайгаштырылып, көз боёмочулуктун курмандыктарынын ишенимине ээ болуу үчүн чыныгы баракчаларды көзгө көрүнүктүү түрдө кайталашат.

Алдамчылык схемасы төмөнкүчө иштейт: шилтемени басканда кардар автоматтык түрдө жасалма (фишингдик) Оптима24 веб-сайтына багытталып, ал жерден логинди, паролду жана телефонго жөнөтүлгөн SMS-кодду киргизүүнү суранат. Бул учурда кардар өзүнүн маалыматтарын киргизгенде шылуундар Оптима24 мобилдик тиркемесинин түп нускасына ээ болушат жана кардардын атынан эсептен акча чыгарып, мыйзамсыз операцияларды жасашат.

"Оптима Банк" кардарларынан эч качан логиндерди, паролдорду жана SMS-коддорду сурабай тургандыгын эскертет. Ошондой эле эч качан лотерея дагы ойнотулбай тургандыгын, Оптима24 интернет-банкингинде авторизация үчүн акча же байгелерди таратпай турганын эскертет.

Эгер кардарлар шек жараткан шилтемелерге кирбесе, фейк сайттарда логиндерин, паролдорун жазбаса, WhatsApp, Telegram жана башка мессенжерлер аркылуу жеке маалыматтары менен бөлүшпөсө, анда акчасы коопсуздукта сакталат.

Бүгүнкү күндө жүздөгөн алдамчылык схемалары бар, алар татаалдашып, өзгөрүлүп турат. Сиз шылуундардан же алдамчылардан өзүңүздү төмөнкүдөй коргой аласыз:

• Өтө сак болуңуз. "Оптима Банктын" расмий сайты www.optimabank.kg жана Оптима24 интернет-банкингдин расмий тиркемеси - www.optima24.kg`ден бир аз айырмаланган шилтемелерге өтпөңүз.

• Эч качан!!! Күмөн жараткан сайттарда жана тиркемелерде картаңыздын жеке маалыматтарын жазбаңыз.

Кибер алдамчылардын иши - бул жаңы санариптик дүйнө. "Оптима Банк" кардарларды сак болууга, каржылык жана санариптик сабаттуулугун жогорулатууга үндөйт.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан