"Балаңыздын жоопкерчилигин албасаңыз эмнеге төрөдүңүз". Вице-мэр Чыныбаева ата-энелер менен болгон жолугушууда айткан сөзү үчүн түшүндүрмө берди

Социалдык маселелер боюнча Бишкек шаарынын вице-мэри Айжан Чыныбаева ата-энелер, мектеп жана бала бакча жетекчилери менен болгон жолугушууда ата-энелерге айткан сөзү боюнча түшүндүрмө берди.

"Жакында коронавирус пандемиясы башталганына бир жыл болот. Өткөн жылы бардык өлкөлөрдө өлүм саны көп болду. Мында Кыргыз өлкөсү дагы сыртта калган жок.

Бүгүнкү күндө аталган илдеттин жаңы жугуштуу түрү пайда болгону үчүн көпчүлүк өлкөлөрдө карантин чаралары киргизилген. Адамдар үйлөрүндө отурат. Көптөгөн өлкөлөрдө мектептер жабык бойдон калууда. Ал эми окуу онлайн жүргүзүлүп жатат.

Албетте, бул билим берүү сапатына терс таасирин тийгизет. Окуучулардын электрондук гаджет аркылуу окуганы ата-энелерге да оңой эмес. Менин да балдарым онлайн окушту.

Ошондуктан мэрия жана шаардык мектеп салттуу режимде этап менен (төрт паралелдүү) окутуу форматына өттү. Мында биз жоопкерчиликти моюнубузга алдык.

Мектептерди этап менен ачкан соң коронавирус менен окуучулар жана беш мугалим ооруп калды. Бирок учурда баары көзөмөлгө алынды.

Шаардык бийлик дарыгерлердин жана эпидемиологдордун пикирин эске алып, мектептерди толук ачууга каршы. Тилекке каршы, борбордогу мектептерде бир класста 50 окуучу бар. Бул вирусту бат таралышына өбөлгө түзүшү мүмкүн.

Кээ бир ата-энелердин кыжыры келгенин жана чарчаганын түшүнсө болот. Бирок мындай абал бизде гана эмес, учурда дүйнө жүзүндө орун алууда. Мындай кыйын кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылсак деп ойлойм. Кудай бизге ушундай сыноо берип жатат.

Ата-энелер менен жолугушууда кызуу талкуулар, бийлик тарапка эмоционалдуу сын-пикирлер айтылды. Компьютер карап балдардын көрүүсү начарлаганы, түз отура албай, таза абада сейилдей албай калганына биз жооп беришибиз керек экендигин билдиришти. Мындай орунсуз айыптоолорго жооп кылып, кээ бир ата-энелерге алар балдарын төрөгөнү, ден соолугу үчүн башкалар жооптуу эмес экендигин гана айттым. Балдардын көзүн эс алдырып, таза абага алып чыгып, ар кандай көнүгүүлөрдү жасатышы керектигин билдирдим.

Биз, шаардык мэрия үчүн шаардыктардын ден соолугу маанилүү. Эпидемиологиялык кырдаалда биз белгилүү мэрчемде жоопкерчилик алабыз. Башка аймактарга салыштырмалуу калаада жашоочулардын саны арбын. Ошондуктан вирус таралышы бул жакта ылдам жана бат болушу ыктымал.

Бишкек шаардык мэриясы этап менен мектептерди ачууну пландап жатат. Эгер эпидемиологиялык абал жакшырса, дарыгерлер мектептерди ачууга уруксат берет.

Келиңиздер, ар бирибиз өзүбүзгө жоопкерчилик алалы. Биз - шаар үчүн, ал эми ата-энелер балдары үчүн", деп жазып калтырган Айжан Чыныбаева.

12-февралда Бишкекте социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаеванын катышуусунда жыйын өткөн. Ага Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Билим берүү министрлигинин өкүлдөрү, ата-энелер, мектеп жана бала бакчалардын жетекчилери катышкан.

Жыйында балдардын жоопкерчилиги тууралуу айтып жатып, вице-мэр "балаңыздын жоопкерчилигин албасаңыз эмнеге төрөдүңүз" деп айтканы коомчулукта талкууга жем таштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан