Ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкек ШИИББинин жаңы жетекчиси Бакыт Матмусаевди өздүк курамга тааныштырды

Бүгүн, 15-февралда Ички иштер министри Улан Ниязбеков борбордук милициянын өздүк курамына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жаңы жетекчиси Бакыт Матмусаевди тааныштырды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков белгилегендей, Бакыт Матмусаев ички иштер органдарында кызмат өтөп жатып, өзүн ар дайым мыйзамдын сакчылыгында турган сабаттуу жана кесипкөй кызматкер катары көрсөткөн. Ал уюштуруучулук жөндөмгө жана ички иштер органдарында чоң тажрыйбага ээ.

Улан Ниязбеков жаңы жетекчи Бакыт Матмусаевге жана Бишкек ШИИББинин жеке курамына мындан ары кызмат өтөөдө, жарандардын коомдук коопсуздуугун камсыздоодо ийгиликтерди каалады.

Буга чейин ИИМде ротация болуп, жетекчилердин кызматтары алмаштырылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан