реклама
super.kg logo

"Ата-эне өзүнөн бийик баланы тарбиялай албаган сыяктуу эле, мугалим да өзүнүн деңгээлинен бийик окуучуну жарата албайт". Билим берүү министринин кеңешчиси менен маек

 

SUPER.KG порталы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин кеңешчиси, “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору, билим берүү тармагы боюнча эксперт Догдургүл Кендирбаева менен Билим берүү жаатында маектешти. Ал бул тармактын оош-кыйышын, күңгөй-тескейин жана Кыргыз өлкөсүндөгү билим берүү тармагына ири реформа керек экенин айтып, кызыктуу маек курду.

- Догдургүл Шаршеевна, сиз көп жылдан бери билим берүү тармагы боюнча экспертсиз "жакынкы жылдары көп кесиптер өлөт" деп айтканыңызды маалымат булактарынан окуп калдым. Сиз айтып жаткан кайсы кесиптер жана бул пикир эмнеге негизделип айтылды?

- Дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматы боюнча жакынкы жылдары 57 кесип өлөт, башкача айтканда, жарактан чыгат. Мисалы, Кыргыз өлкөсүндөгү кесиптердин көпчүлүгү жарабай калат. Экинчиден, 2030-жылы бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун маалыматы боюнча 400 миллиондон 800 миллионго чейин адамдар жумушсуз калуу коркунучунда турат. Анын ордуна ким иштейт дегенде жасалма акыл же болбосо роботтордун мезгили келе жатат. Биз ошондо кыргыз кыз-келиндери жумушсуз калбасын деп "СТЕМдеги кыздар" же илимдеги кыздар долбоорун ишке ашырып жатабыз.

Ошондо акыркы үч жыл бою, быйыл жана кийинки жылы 400 кызды так илимдер, тагыраагы, СТЕМ - бул илим-техника, математика, инжинерия кесиптерине багыттоо боюнча иштерди жүргүзүп келе жатабыз. Кыргыз өлкөсүндө үйүңдө отуруп алып деле IT тармагында программист инженер болсоң ири суммадагы акча таба аласың. Биз ушул долбоордун алкагында иштеп жатабыз.

Мына азыр 200 кыз республикалык ЖРТга даярдоодон өтүп жатат. Эгерде сенин жеткиликтүү көндүм билимиң болбосо, сен андан өтө албайсың. Экинчиден кесипке багыт берүү боюнча, үчүнчүдөн Кыргыз өлкөсүндөгү билим берүү стратегиясынын пландарынын баарында эң биринчи СТЕМ компоненти барбы, келечек кесиптерин даярдоо компоненти боюнча иштеп жатабыз. Эмгек тармагында аялдардын СТЕМ тармагындагы орду, канчалык деңгээлде камтылган анализ жүргүзүлдү, талданды.

Эң башкы нерсе Кыргыз өлкөсүнүн жаратылышы СТЕМ адистиктерин жаратууга түрткөн шарттар. Бул биринчиден тоолуу өлкөдөгү кенге инженерлер, технологдор, химиктер керек. Биздин өлкө сууга бай өлкө. Бул жерге кайра инженер, энергетиктер керек. Үчүнчүдөн, бул IT технологиясы боюнча Кыргыз өлкөсү чоң бир өлкө болсо болот. Төртүнчүдөн, креативдик экономикада азыркы тапта бизде кинолор укмуш тартылып, дүйнөлүк конкурстарда жеңип жатат. Мына ошонун баарын пайдаланып, аларга биз багыт беришибиз керек.

Креативдүү экономика өнүгүп жатат. Албетте, азыркы тапта почточу кесиби, бухгалтер кесиби өлүү кесиптерге кирип калды. Банк кызматкерлери болсо карточка системасына өтүп, акча көтөргөндөр дээрлик жок болуп баратат.

- Өмүр бою билим берүү тармагында келе жатасыз. Азыркы тапта айрыкча Кыргыз өлкөсүндө билим берүү тармагы өтө чоң кризисте турат. Билим берүү министринин кеңешчиси катары айтсаңыз, жакынкы аралыктар бул тармакта да "дүң" деген жылыш болобу?

- Албетте, мүмкүнчүлүктөр бар. Кайсы учурда мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышыбыз керек, эң биринчи сапаттуу кадыр маселесин чечишибиз зарыл. Биз көпчүлүк учурда сапаттуу кадрларды пайдаланууну билбей жатабыз. Алардын лидерлик сапатын өнүктүрүүгө кызыкпай жатабыз. Экинчиден, ошол мыкты мугалимдерди билим берүү системасына тартпай жатабыз.

Бүгүнкү күндө Билим берүү системасына, педагогикалык окуу жайларга эң төмөнкү балл алгандар келип жатат, башкача айтканда, алар башкага жарабай калгандар. Алар келип мугалимдик кесипти окушат же болбосо дистанциялык негизде сырттан окуп бүтүрүшүүдө. Албетте, биз унутпашыбыз керек ата-эне өзүнөн бийик баланы тарбиялай албай турган сыяктуу эле, мугалим да өзүнүн деңгээлинен бийик окуучуну жарата албайт.

Экинчиден, чоң маселе коомчулуктун колдоосу. Сиз карасаңыз, ошол адам жылкысына бадага 500 сом, коюна 100 сом төлөйт. Бирок ошол эле учурда бизде билим берүүнү колдоо бюджети өтө төмөн. Сингапур , Финляндия деп ал өлкөлөрдүн билим берүү тармагына суктанып, тамшанып айтабыз. Мисалы, Сингапурдун 2009-жылдагы маалыматы боюнча 8,7 миллард доллар 5 жүз миң балага каржыланып жатат. Биз болгону 11-12 миллион сомду 1 миллиондон ашык балага каржылап жатабыз.

Азыркы учурда мугалимдин кесиби эмне үчүн барксыз болуп жатат? Анткени бүгүнкү күндө бир мугалимдин бир сааттык эмгеги ар бир балага бир сомдон бааланып калды же болбосо ал айына 12 миң сом акча алат. Азыр шаарда ошол 12 миң сом акча менен жашоо мүмкүнбү?

Экинчиден, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каржылоо негизги гана нерсени жаба алат. Бул айлык акы жана балдардын тамагы. Ал эми мугалимдин өнүктүрүүдөгү муктаждыгы чечилген жок да. А хирург өзүнүн хирургиялык бөлүмүсүз кантип операция жасай алат? Ошол эле учурда мугалим муктаждыгы чечилбесе, билим берүүдөгү өнүгүүнү өтө жай темпте алып келиши мүмкүн. Биз дүйнөлүк конкуренцияга жетише албай калабыз.

Эгерде каржылоонун жаңы модели же болбосо, каржылоонун минималдык стандарты толугу менен берилбесе мектеп толук өнүгө албайт. Үчүнчүсү коомчулуктун мамилеси. Коомчулук союз мезгилинде жашагандай эле жашап жатат. Бир канаты баланы өнүктүрүүдөгү билим берүү системасы болсо, экинчи ата-эне жана коомчулук. Ата-эне жана коомчулук өзүнүн функциясын такыр эле алып салды. Алар такыр эле катышкысы келбейт, алар баланы өнүктүргүсү келбей калды.

Алар баланы өнүктүрүүнү анын кийим-кечеси жана тамагы деп түшүнөт. Анын өнүгүү муктаждыктарына шарт түзбөйт, ушул системаны жоюш үчүн чечкиндүү реформа керек.

- Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев мугалимдин айлык-акысын жок дегенде депутаттардын маянасына теңеш керек деген пикирин билдирди. Мен сиздин дагы деле министрдин кеңешчиси экениңизге таянып ушул суроону узаткым келип турат. Айлык-акыны көтөрүү тууралуу кандай сүйлөшүүлөр жүрүп жатат жана бул боюнча мугалимдер жакынкы аралыкта сүйүнүчтүү кабар уга алышабы?

- Негизи "Электрондук төлөмдөрдүн мамлекеттик системасы" кирген. Эгерде аттестация системасы кирсе, ошол жерде сөзсүз түрдө аттестацияга жараша мугалимге айлык-маяна берилет. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө рыноктогу акчанын курсунун жогорулашы, сатып алуу, тейлөө кызматынын жогорулашы мугалимдин айлыгын өтө төмөндөтүп коюп жатат. Коомдук кабыл алуу да мугалимдерге төмөн. Ата-эне мугалимге баарын илип койду, бирок бир да ата-эне баланын сабагына катышып, аны шыктантууга катышпай жатат.

Догдургүл Кендирбаева интервью берип жаткан учурунан кадр

Азыркы тапта 300 миң бала мигранттын баласы, 77 миңден жогорусу ата-энеси экөө тең сыртта жүргөндөрдүн балдары. Кандай коом болот, 30 пайыз бала гана мектепке чейинки өнүгүүгө катышат. Ал эми 70 пайыз айрыкча айыл жериндеги балдар толугу менен өнүгүү мүмкүнчүлүгүндөгү акыйкатсыздыктан калып кетип жатат. Санарипке болгон жеткиликтүү маселесинде да көйгөй бар. Ушуга жаңы келген президентибиз колдоо көрсөтпөсө, абалыбыз оор эле.

- Жогоруда ата-эне балага билим берүүгө катышпай калды, баарын мугалимге жүктөп койду, мугалимге коомдун мамилеси да төмөн деп айтып калдыңыз. Айтсаңыз, мугалимдин статусун канткенде көтөрөбүз, сизде бул жаатта да сунуш-пикир болсо керек?

- Ооба, азыр коомдо мугалимге болгон баа абдан төмөн. Мисалы, мен 2-3 системде тең мугалим болуп иштедим. Биздин учурда электр энергия бекер болчу. Мамлекет үй менен камсыздачу, кайсы жерге барбайлы бизди коом аздектеп турар эле. Биз мектепти оңдоп-түзөө, керектөөсүнө эч качан акча жыйначу эмеспиз. Ар нерсенин орду бар болчу.

Бүгүнкү күндө караңыз, систем башкача. Ал учурда мектептен сырткары өнүктүрүү да өтө күчтүү болгон. Азыр президенттин биринчи жаштарды өнүктүрүү боюнча буйругу эң туура болду.

Ошондуктан кайрадан мектептен сырткаркы өнүгүү борборлору кайтарылуусу керек. Азыр балдар бош болуп агылып эле мечитке кирип кетип жатышат. Экинчиден, мугалимдер агартуу системасындагылар карьералык өсүүгө кетчү. Турдакун Усубалиев ким эле, мугалим, Жумагул Сааданбеков ким эле, мугалим Исхак Разаков ким эле мугалим. Азыр сиз мугалимден өкмөт башчы чыкты, мугалимден министр чыкты деп айта аласызбы? Коом мугалимдерди бааламайынча, саясатта да азыркыдай ашмалтай боло берет.

Илгери мугалимди үй-бүлөдө жамандоо, анын адистигине доо кетирүү жок болчу. Азыр "койчу, ай ошонуңду" дешет. Ишенесизби, азыр жогорку класстын окуучуларына сабак берүүгө биздин мугалимдер киргиси келбейт. А эмне үчүн, себебин билесизби? Сиз көрдүңүз беле Бишкек шаарында ашканада ичкен тамагын карыз жаздырган мугалимдерди. Андайлар толтура. Экинчиден окуучулар 1000 долларлык айфондорду көтөрүп жүрөт, мугалим болсо жөнөкөй 2 миң сомдук телефон көтөрөт.

Бекеринен социалдык тармактан "насыяга телефон алдым эле" деп жазган мугалимдерди көрбөй жатабызбы. Мына коомдун жүзү. Бул бир тарабынан мугалимдердин билиминин төмөндүгүнөн да кабар берет. Эгер ишине берилген мугалим болсо, ал сөзсүз жаратман болот. Бирок бүгүнкү күндө төмөнкү балл алгандар мугалим болуп калып жатат. Анткени мамлекет да мугалимдик гана жумуш ордун сунуштап жатат.

Кээде мугалимдер "кызмат ордуна орношууга жардам бергиле" деп бизге да кайрылышат. Анан аларга "жок, колумдан келбейт" деп айтасың. Бир аз убакыттан кийин ал адам жумушка орношконун айтат. Кантип деген суроого "кой же торпок берип кызматка орноштум" деп жооп беришет. Биз мына ушул субъективдүүлүктү жок кылышыбыз керек.

Ушуга байланыштуу азыркы министрге электрондук мугалимдердин ваканция штатын ачууну сунуштап жатам. Ал жерге ар бир жерге жетишпеген мугалим, сааты, аймагы, шарты бүт жазылат.

Азыр биз "мугалим улуттун казынасы" деген конкурстарды өткөрүп, кесипке шыктандыруучу демилгелерди баштоо алдында турабыз.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
23.02.2021. 21:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
20-10-2020
Соӊку аракети:
08-03-2021 08:15
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атадан уул, энеден кыз, артыкча жаралбаса анда коом артта калат
24.02.2021. 09:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
297
Катталган:
18-03-2013
Соӊку аракети:
08-03-2021 08:41
Жынысы:
Белгисиз
0
Устатчылыктын баркы кеткенде, билим тарбия сапаты жөнүндө талап кылуу болбогон нерсе. Бул маселе бир гана мектепте эмес кесиптик билим берүү тармагында да чоң көйгөй. Мугалимдин кадыры жогоруламайын билимдин, тарбиянын сапаты жогорулабайт.
nargiz-sa түзөттү 2021-02-24 09:57:39
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
162815;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: