Өкмөт мүчөлөрү базардагы азык-түлүктүн баалары менен таанышып чыкты. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов социалдык тармакта түз эфирге чыккан учурда билдирди.
"Бишкек шаарындагы базарларды кыдырып, азык-түлүк баалары боюнча толук маалыматка ээ болдук. Суу май, эт, күрүч жана башка социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баасы акыркы алты айда кымбаттады. Суу май 163 пайызга кымбаттаган. Эмнеге баалар мындай жогорулаганын анализдедик.
Бир катар өкмөт мүчөлөрүнө азык-түлүк бааларын төмөндөтүү боюнча тапшырмалар берилди. Биринчи, Орусия жана Казакстандан ири азык-түлүк жеткирүүчүлөр менен сүйлөшөбүз. Экинчи, өлкөнүн бардык аймактарында айыл-чарба жарманкелерин үзгүлтүксүз өткөрүү. Мында өндүрүшчүлөр менен калкты түзмө-түз байланышуусуна шарт түзүп берсек, баа бир аз болсо да төмөндөйт.
Суу майды 85 пайыз импорт менен алып жатабыз. Эмнеге өзүбүз бул нерсени өндүрө албайбыз? Азыр суу майдын 50 пайызын өндүрсөк деген талапты койдук. Айыл чарба жана суу министрлиги бул маселелерди карап жатат",- деди премьер-министр Улукбек Марипов.