Кечээ,15-февралда Билим берүү жана илим министрлигинин алдында студенттер митингге чыгып, окуу акысын 30 пайыздан 50 пайызга чейин кыскартууну талап кылышкан.
Бул маселе боюнча премьер-министр Улукбек Марипов социалдык тармактагы түз эфирде пикирин билдирди.
"2020-жылы жогорку окуу жайлар, мектептер онлайн режиминде окушту. Бүгүнкү күндө деле онлайн режиминде окуп жаткан ЖОЖдор бар. Студенттердин контрагы боюнча жогорку окуу жайлардын жетекчиликтери карап чыгыптыр, бирок болгону миң сомдой эле жеңилдик кылыптыр. Биз буга макул эмеспиз. Ошондуктан башка жолдорун карап жатабыз. Бул боюнча жакынкы күндөрү чечим кабыл алабыз", - деди Улукбек Марипов.