Бүгүн, 17-февралда өлкөдөгү эң ири суу сактагычтардын бири болгон Токтогул суу сактагычына суунун агып келиши салыштырмалуу көбөйдү. Бул тууралуу "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Бүгүн, 17-февралга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 44 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 268 метр куб, агып чыгышы 535 метр кубду түзүүдө",- деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Суунун суу сактагычка агып келиши үч айдан бери 250 метр кубдан аша элек болчу. Акыркы жолу 2020-жылдын 9-октябрында суу сактагычка суунун орточо күндүк агып кириши 260 метр кубду түзгөн.