Белгилүү обончу, аткаруучу, КРнын Эл артисти Апаз Жайнаков бүгүн, 9-октябрда 53 жаш курагында дүйнө салды. Анын санаалашы Жолболду Алыбаевдин айтымында, обончу 10-октябрда кичи мекени болгон Баткен жергесинде жерге берилет. Акыркы сапарга узатуу зыйнаты саат 15:00дө туулуп-өскөн айылында болмокчу. Маалыматка таянсак, Апаз Жайнаков буга чейин боор оорусунан жабыркап келген. Бир топ убакыттан бери Баткен шаарында ооруканада дарыланып, 8-октябрда үйүнө чыгарылган экен. Апаз Жайнаков кыргыз журтуна
"Кыргыз жери", "
Өрүкзарга кетели" сыяктуу ырлары менен таанымал. Анын калемине тааныдык бир топ чыгармалар ырчылардын аткаруусунда ырдалып жүрөт.